"2015-жылы Кыргыз мамлекетинде 21 миң боюнан алдыруу катталыптыр. Бул көрсөткүч мени шок кылды" деди депутат Дастан Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова Германия, Румыния, Швейцария парламенттеринин депутаттары жана калкты жайгаштыруу боюнча Европалык форумдун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Европа парламентинин 18-21-июлдагы таанышуу иш сапары Кыргыз Республикасындагы репродуктивдүү саламаттык жана үй-бүлөнү пландаштыруу маселесине багытталган. Ошондой эле кызматташтыктын келечегин Европарламенттин деңгээлинде талкуулоо да каралган.

Делегация мүчөлөрү медициналык мекемелерде, бейөкмөт уюмдарда, Бишкектеги, Чүй, Ысык-Көл облустарындагы бейтапканаларда, жаштар борборлорунда болушуп, энелердин, өспүрүм жана балдардын саламаттыгы менен таанышканын айтып беришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Еропарламенттин депутаттары кыргыз кесиптештерине кайрылып, репродуктивдүү саламаттык программасынын кайсы жактан каржыланып жатканын сурашты.

Жогорку Кеңештин депутаттары учурда программаны эл аралык каржылоо токтоп жатканы, ошондуктан парламент ички ресурстарды кыймылга келтирүү менен энелердин жана балдардын өлүмдөрүн азайтуу аракеттерин көрүп жаткандыгы боюнча маалымат беришти.

Дастан Бекешев энелерди жана балдарды коргоо маселеси менен бирге жасалма жол менен кош бойлуулуктан ажыратуунун көрсөткүчтөрү жогору болуп жатканына көңүлдү бурду.

"Расмий маалыматтарга таянсак, 2015-жылы Кыргыз мамлекетинде 21 миң боюнан алдыруу катталыптыр. Бул көрсөткүч мени шок кылды, анткени мындай ар бир боюнан алдыруунун артында адам өмүрлөрү, жеке трагедиялар турууда. Бир нерсени эстен чыгарбайлы, бул катталган гана боюнан алдыруу. Көп учурда менталитеттен улам кыздар боюнан алдыргандарын каттатпай, жашырып коюшат", - деди эл өкүлү.

Эл өкүлү криминалдуу боюнан алдыруунун өсүшүнө дары каражаттар рыногун көзөмөлдөөнүн начардыгынан медикаменттик боюнан алдыруу күчөп жатканын айтты. Борбордогу дүң базарлары болсо сапаттары күмөн жараткан оралдык контрацепттерди сатуучу жайга айланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан