Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас унаа жолундагы реабилитациялык иштердин жүрүшү, Талас шаарындагы ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборунун абалы, малды идентификациялоо боюнча иштин аткарылышы жана Кара-Буура районундагы логистикалык борбордун, ошондой эле фермердик чарбанын иши менен таанышат.
Мындан тышкары премьер-министр кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна барат. Андан кийин Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реабилитациялоо жана К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулуш иши менен таанышмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.