Президент Алмазбек Атамбаев "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды көзөмөлдүк белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында кол коюлган. Мыйзам 22-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ЕАЭБдин аймагында жүзөгө ашырууда көзөмөлдүк маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды көзөмөлдүк белгилер менен маркалоону киргизүүнүн тартибин аныктайт.
Макулдашууну жүзөгө ашыруу контрафакт азыктарды өндүрүүгө, ошондой эле аларды ЕАЭБдин бажы аймагына аткезчилик жолу менен алып кирүүгө бөгөт коюп, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтат.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу 22-июлда президенттик аппараттан билдиришти.