Кувейт мамлекети менен инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Макулдашууга 2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган. Бул тууралуу президенттик аппараттан 22-июлда билдиришти.

Мыйзам 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты – инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга жана капиталдык салымдарга байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү укуктук базаны түзүү.

Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү элементи болуп эсептелет жана өлкөбүздүн экономикасына чет элдик түз инвестицияларды тартууну көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан