7 жыл мурун, 2009-жылы 23-июлда Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган. Анда президенттикке талапкерлигин Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев жана Нурлан Мотуев коюп, жыйынтыгында К.Бакиев шайланган.
Экинчи мөөнөтүн өтөөгө киришкен президент 2-августта Өкмөт үйүнүн чоң залында кыргыз эли үчүн ак кызмат өтөөгө ант берген. Ал экинчи мөөнөткө шайланган соң 1 жылга жетпеген убакыт иштеп, 2010-жылы Апрель окуяларында отставкага кеткен. Өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгон Бакиев бүгүнкү күнгө чейин ал Беларусь өлкөсүндө жашап келет.
23-июлдун жылнаамасы.