2016-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 61 миллиард 768 миллион 67 200 сомду түздү. Маалыматты 25-июлда Каржы министрлигинен кабарлашты. Аталган сумманын ичинен 54 миллиард 333 миллион 330 100 сому республикалык бюджеттин, 8 миллиард 442 миллион 56 500 сому жергиликтүү бюджеттин кирешеси. Салыктык түшүүлөр жарым жылдыкта 43 миллиард 46 миллион 30 100 сомду, салыктык эмес түшүүлөр 14 миллиард 21 миллион 881 миң сомду түздү.