ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: Бразилиялык футболчу Халк 30 жашка толду

Бразилиялык футболчу, Халк деген лакап аты менен таанылган Живанилду Виейра де Соуза 30 жашка толду. Ал 1986-жылы 25-июлда Бразилиянын Кампина-Гранди шаарында жарыкка келген.

Халк 12 жашында "Зе до Эгито" балдар футбол командасына кошулган. 16 жашында бразилиялык "Витория" клубу менен келишим түзүп, карьерасын баштаган. 2005-жылдын февраль айында футболчуну япониялык "Кавасаки Фронтале" клубу сатып алган. Халктын бул клубдагы дебюту "Нагоя Грампус" клубуна каршы ойногондо болгон. Ал эми атаандаштын дарбазасына алгачкы тобун 2-июлда "Жубило Ивата" клубу менен ойногондо киргизген. 2006-жылы "Консадоле Саппоро" клубуна "ижарага" берилген.

2008-жылы 26-июлда португалиялык "Порту" клубу менен келишим түзгөн. Бул клубда ал Европада атактуу болууга, профессионал катары өсүүгө алып келген клуб болгон. Бул клубда ал 2010-11-жылкы сезондо Португалия чемпиондугунда 23 топ киргизип, мыкты бомбардир аталган. Жалпысынан ал "Портунун" курамында 1 ирет Европа Лигасын утуп, 3 ирет Португалиянын чемпиону болгон.
2012-жылы Халк орусиялык "Зенит" клубуна өткөн. Бул клуб менен ал эл аралык мелдештерде жеңишке жетише алган жок. 2016-жылы футболчу Кытайдан келген сунуштан баш тарта албай, "Шанхай СИПГ" клубуна кошулду.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан