КСДП фракциясынын айрым депутаттары үч күн Ысык-Көл облусун кыдырып, эл менен жолугушат

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары Ысык-Көл облусуна иш сапары менен бара турганын фракциянын катчылыгынан 26-июлда билдиришти. Иш сапар 27-июлдан 30-июлга чейин болот. Анын алкагында эл өкүлдөрү облустагы район жана шаарларга барып, эл менен жолугушууларды өткөрүшөт. Андан сырткары мектеп, бала бакча, медициналык мекемелердин абалын жана инфраструктуралык объектилердин курулуш иштери менен таанышып чыгышат. Эл өкүлдөрү менен бирге өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрү да барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан