Алик Мамыркулов (сүрөттө) өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчылыгынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 26-июлда өкмөттөн билдиришти. Мамыркулов кызматтан кетүүгө жазган арызына ылайык бошотулду.
ЖАМКнын башчылыгына Таалайбек Жапаров дайындалды.
Белгилей кетсек, кечээ Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы алмашкан. Бул иштер жакында Коргоо кеңешинин отурумунда кабыл алынган укук коргоо органдарын реформалоо чечиминин аткарыла баштаганынан кабар берет.