Экономика министри: "Кыргыз жеринде туристтик сезондун 3 айга гана созулушу көйгөй"

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы туризм тармагынан республикалык казынага 106 миллион 700 миң сом салык түшкөн. Экономика министрлигинен 26-июлда билдиришкендей, Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн экономикасында тоскоолдуктар болгонуна карабай өлкөдө туризм тармагынан түшкөн салыктар өсүүдө.

Экономика министри Арзыбек Кожошев жакында Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен жолугушууда туризм көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасынын негизги бөлүгү экенин, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоодо жана өлкөгө чет элдик валюталардын агылышына мааниси зор экенин белгилеген. "Туристтик ишмердүүлүктүн сезондук көрүнүшү көйгөй болууда. Кыргыз жеринде туристтик сезон катары жай мезгилинин 3 айы эсептелет. Калган мезгилде туристтик тармактагы мекемелер дээрлик иштебейт", - дейт Кожошев.

Кыргыз мамлекетиндеги ыңгайлуу шартты эске алып, "Тоо лыжа кластери" деген пилоттук долбоор демилгеленгени, анын алкагында Ысык-Көлгө 5 тоо лыжа базасы курулары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан