Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери аталган өлкөнүн Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун үйүн тинтүүгө алышты. Тинтүү алкоголь продукциясынын аткезчилиги боюнча орусиялык ишкер Дмитрий Михальченкого козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн чет элдик ММКлар жазышты. Бельяниновдун, анын эки орун басарынын жана мурунку кеңешчисинин иш бөлмөлөрү да текшерилген.
Орусиялык ММКлардын бирине жеке булактардын бири: "Аткезчиликке байланыштуу Бажы кызматынын башчысынын мыйзамсыз иштери тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар", - деп билдирген. Оперкызматкерлер Бельяниновдун үйүн тинтүүдө андагы кымбат буюмдарга таңданышканы айтылат. Үйдүн дубалдарында XVII-XIX кылымдарга таандык картиналар илинген. Үйдүн ичинен 9,5 миллион рубль, 490 миң доллар жана 350 миң евро табылган. Мындан тышкары коллекциялык калем саптар, визиткалар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору түшүрүлгөн визиткалар, зер буюмдары алынган. Бельянинов мунун баары үй-бүлөсүнүн мүлкү экенин билдирди. Айрым маалымат булактарында Бажы кызматынын жетекчиси өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылууда.