Президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын системине кирбеген мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселесин жөнгө салуу. Аталган мыйзамдын 2-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, жогоруда аталгандай өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери камсыздандыруу төгүмдөрүн Тышкы иштер министрлигинин чет жердеги кызматкерлери үчүн белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүшөт.