Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун (ар биринде 3 адамдан), Нарын жана Ош облустарынын райондор аралык сотторунун (ар биринде 1 адамдан), Баткен (2 адам) жана Талас (2 адам) жана Нарын (1 адам) облустук сотторунун судьялары кызматтарына 16 талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизген.
21-июлда мамлекет башчы бул талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнү, кошумча алынган материалдарды эске алуу менен президент 10 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макул болду.
Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчы 6 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.
Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев 4 жарлык чыгарды. Биринчи жарлык менен дайындалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.
Экинчи жарлык менен дайындалган 10 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу (2 адам) жана Жети-Өгүз (1 адам) райондук, Балыкчы шаардык (1 адам) сотторуна, Нарын (1 адам) жана Ош (1 адам) облустарынын райондор аралык сотторуна, Баткен (2адам) жана Талас (2 адам) облустук сотторуна жиберилди.
Үчүнчү жарлык менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу (2 адам) жана Жети-Өгүз (2 адам) райондук, Балыкчы шаардык (3 адам) сотторунун иштеп жаткан судьялары кызматынан бошотулду:
- Ак-Суу райондук соту: Канат Аманов, Сабыр Соодонбеков;
- Жети-Өгүз райондук соту: Болот Ишенбаев, Талант Намазбеков;
- Балыкчы шаардык соту: Замирбек Базарбеков; Бактыгүл Беккулуева, Эрмек Шаршекеев.
Төртүнчү жарлык менен тандоодон өткөндүгүнө жана башка жергиликтүү сотко дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов кызматынан бошотулду.