Тажикстан Кыргыз Республикасына быйыл электр энергиясын бербей турган болууда. Аталган өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода Согди облусундагы өнөр жай ишканаларынын электр энергиясына болгон суроо-талабы жогору болгондуктан, Тажикстан ушундай чечимге барып жатканын 26-июлда берген маалымат жыйынында айтты. Бул тууралуу Тажикстандын ММКлары жазышты.
Кыргыз мамлекети 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сураган. "Биздин түндүк аймак дагы ири көлөмдөгү электр энергиясына муктаж", - деди ал.
Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычында сууну максималдуу чогултуу максатында 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктардын башталышына карата электр энергиясын Тажикстандан өз ара алмашуу аркылуу алууну пландап жаткан.