Жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катыша турган улуттук курамалар 27-июлда Бразилияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, XXXI Олимпиада оюндарына 5-августта старт берилет. Спортчулар аталган мамлекеттин климатына көнгөнгө убакыт жетиштүү болуусу үчүн эрте жөнөп кетишти.
Аларды узатуу иш-чарасында Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Төлөсүн Ысыралиев жана анын орун басары Руслан Түмөнбаев да болду.