Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду.
Кабыл алынган мыйзам коомдук фондуларды жоюунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. "Коммерциялык уюмдар жөнүндө" КРнын мыйзамынын 28-беренесине ылайык, коомдук фондулар кызыкдар физикалык жана юридикалык жактардын арызы боюнча соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн. Ошол эле учурда башка түрдөгү коммерциялык уюмдарга мындай талаптар коюлбайт. Мисалы, коомдук бирикмелерди жоюу ыктыярдуу тартипте юстиция органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Коомдук фондуларды сот аркылуу жоюуну жокко чыгарууну алып салуу үчүн мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизилди.
Кабыл алынган мыйзам боюнча, коомдук фондулар ыктыярдуу тартипте да, ошондой эле мажбурлоо аркылуу, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 98-беренесинде белгиленген тартипте – сот аркылуу да жоюлушу мүмкүн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу 27-июлда президенттик аппараттан кабарлашты.