Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргыз мамлекетине келип кетүүгө кызыкдар

Франциянын президенти Франсуа Олланд Кыргыз мамлекетине келип кетүүгө кызыкдар экенин Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчиси Асеин Исаевден 26-июлда Ишеним грамота алып жатып айтканын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Олланд элчини кабыл алып жатып Кыргыз мамлекети демократиянын үлгүсү экендигин жана президент Алмазбек Атамбаев бул аймакта салмактуу роль ойной турганын белгиледи. Ал эки тараптуу саясий байланышты күчөтүүгө жана франциялык компаниялар Кыргыз мамлекетинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Элчи өз сөзүндө аны Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуп кетүүгө чакырды. Олланд атайын иш сапары менен келүүгө кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан