Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам аманатчылардын банктагы аманаттарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу системин түзүүгө жана анын иштөөсүнө, бул чөйрөдө кепилдик окуялар учуру келгенде аманаттар боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыра турган аманаттарды коргоо фондун түзүүгө жана анын иштөөсүнө байланыштуу мамилелерди укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтөт.
Кабыл алынган мыйзам боюнча 2008-жылы 7-майда кабыл алынган "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:
- түшүнүк аппараты такталат жана кеңейтилет – "аманат (депозит)" жана "аманатчы" деген терминдерге жаңы аныктамалар берилет, "депозиттерди коргоо фондунун максаттуу мааниси" деген жаңы түшүнүк киргизилет;
- кепилдик окуялар учуру келгенде аманатчыга төлөнүүчү компенсациянын көлөмү эки эсеге - 200 миң сомго чейин көбөйтүлөт (аракеттеги мыйзам боюнча – 100 миң сомдон ашык эмес);
- депозиттерди коргоо фондунун максаттуу мааниси (фонддун жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчү, фонддун каражаттарынын суммасынын катышуучу-банктардын кепилдикке алынган аманаттарынын жалпы суммасына карата мамилеси катары эсептелет) 12 пайыз деңгээлинде аныкталат (аракеттеги мыйзам боюнча – 15 пайыз);
- эгерде депозиттерди коргоо фондунун каражаттары учурдагы милдеттенмелерди жабуу үчүн жетишсиз болсо, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин Директорлор кеңешине төгүмдөрдүн өткөн жылдагы суммасынан ашпаган көлөмдө атайын бир жолу берилүүчү төгүмдөрдү белгилөө укугу берилет (аракеттеги мыйзам боюнча атайын бир жолу берилүүчү төгүмдөрдүн суммасы өткөн жылдагы төгүмдөрдүн суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш);
- Депозиттерди коргоо боюнча агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган же сөзсүз кепилдикке алынган, же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга гана инвестициялай алат (башка баалуу кагаздарга инвестициялоого болбойт).
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.