Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев 24 жылдан кийин Олимпиада оюндарына кайрадан жеринде күбө болмокчу

"Москва-1980" Олимпиадасында оор атлетика боюнча чемпиондукту багындырган кыргыз спортчусу Каныбек Осмоналиев өмүрүндө 3-ирет Олимпиада оюндарына жеринде күбө болмокчу. Ал 1980-жылкы Олимпиада оюндарынан кийин 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиаданы көрүп келген.

24 жылдан кийин ири спорттук мелдешти жеринен көрүп келүү үчүн аттанып жаткан К.Осмоналиев SUPER.KG порталына ой бөлүштү. "Мен өмүрүмдө Барселона жана Доха шаарларынан башка жакка бара элек болчумун. Быйыл "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында спортчуларга дем берүү үчүн Бразилияга жөнөп жатам. Спортчулар мени карап, Олимпиада оюндарын утуу мүмкүн экенине ынануусун каалайт элем", - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Бразилияда өтө турган Олимпиадага 19 кыргыз спортчусу барат. Жолдомо ээлери: жеңил атлетикадан Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетчилер Изат Артыков, Жаңыл Океева, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев. Ошондой эле атайын чакыруу менен сууда сүзүү спорту боюнча Денис Петрашов жана Дарья Таланова мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан