Президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Унаа жолдун 47-чакырымындагы оңдоо иштери менен таанышуу учурунда транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров президентке республикалык бюджеттен каржыланган долбоор боюнча оңдолуп жаткан жолдун узундугу 104 чакырымды түзөрүн маалымдады.

Алмазбек Атамбаев министрликке оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү үчүн Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун реконструкциялоонун жүрүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан