5-августтан 15-августка чейин 2017-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Каржы министрлигинен билдиришкендей, угуу 5-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, 8-августта Ош шаарында, 12-августта Бишкекте өтөт. Ага мамлекеттик уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышат. Анда бюджеттик кирешелердин булактары жана чыгашалардын багыттары боюнча кеңири маалымат берилет.