Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизилди. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан 28-июлда билдиришти.
Өкмөттүн 2016-жылдын 25-июлундагы "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтому премьер-министрдин 2016-жылдын 1-июнундагы буйругуна ылайык түзүлгөн өкмөт карамагындагы министрлик, административдик ведомстволордун жана башка уюмдардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун иш планын аткаруу иретинде даярдалган.
Көрсөтүлгөн токтом аркылуу 2017-жылдын аягына чейин төмөнкүлөргө мораторий белгиленген:
- иштеп жаткан министрликтердин, административдик ведомстволордун, өкмөт карамагында турган уюмдардын, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын штаттык санынын чегин көбөйтүүгө;
- жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын кошумча кызмат орундарын киргизүүгө.
Ушул токтомдун 1-пунктунун таасири Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө, укук коргоо органдарына жана башка аскердик түзүмдөрүнө жайылтылбайт. Мындан тышкары башка конституциялык жана президенттин карамагындагы органдарга жайылтылбайт.
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине мамлекеттик органдардын штаттык санын катары менен он эки айдан ашык бош турган кызмат орундардын санын белгиленген тартипте кыскартууну демилгелөө укугу берилген.
Аталган чечимдин кабыл алынышы бюджеттик ресурстардын чектелген шартында мамлекеттик органдардын штаттык санын оптимизациялоого, аны рационалдуу бөлүштүрүүгө, учурдагы мыйзамдарга ылайык бош орундарды өз убагында толтурууга багытталган. Натыйжада министрлик жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт.
Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторийдин киргизилиши – мамлекеттик аппараттын штаттык санын оптимизациялоо, анын мындан аркы өсүүсүнө жана аны камсыздоого кеткен чыгымдардын жогорулашына жол бербөө жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагындагы өкмөттүн алгачкы кадамы.
Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.