Өкмөт башчы чиновниктердин көңүл кош мамилесинен улам Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү завод иштебей жатканын айтты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Талас облусунун Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү маселесине байланыштуу жумушчу кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр өткөн жумадагы Талас облусуна болгон иш сапарында заводдун абалы менен таанышкан. Заводго индиялык инвестициялар тартылып, 2009-жылы тийиштүү жабдуулар алынып келинген. Бирок бир катар себептерге байланыштуу завод ишке киргизилген эмес.
Өкмөт башчы белгилегендей, чиновниктердин жоопкерсиздигинен жана көңүл кош мамилесинен бүгүнкү күндө завод токтоп турат. Аны тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга 15-августка чейинки мөөнөттө заводду ишке берүүгө байланышкан бардык талаштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, төмөнкү тапшырмалар берилди:
- Мамлекеттик бажы кызматына заводго алынып келинген жабдууларды бажылык тариздөө;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго "Кыргыз агрардык азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому менен биргеликте аталган жабдууларды кайрадан баалап чыгуу;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду индиялык инвестор-компаниянын катышуусундагы ар бир катышуучу жактын үлүшү аныкталган биргелешкен кыргыз-индиялык ишкананы түзүү маселесин иштеп чыгуусу.
Өкмөттөн билдиришкендей, аталган маселелер чечилген соң заводду ишке киргизүү чечими кабыл алынуусу күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан