"Республика-Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке Болотбек Ибраимжанов депутат болуп бекитилип, ага депутаттык төш белги жана күбөлүк берилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы 28-июлда билдирди. Ал экс-депутат Жыргалбек Саматовдун ордуна келди.
БШК өткөн жылдын декабрь айында да Болотбек Ибраимжановду Саматовдун ордуна депутат кылып бекитип, бирок Саматов соттун чечими менен мандатып кайтарып алган.
БШК 8-июлдагы жыйынында Саматовду кайрадан депутаттык мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге "Саматов Орусиянын жараны" деген жүйө түрткү болгон. Саматов өзү Орусия жарандыгын албаганын айтууда.