Айыл чарбасын агартып жаткан алтын өндүрүүчү

Салтка айланган «Карагат Фест» мөмө-жемиш фестивалы быйыл 6-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында өтөт. Төртүнчү ирет уюштурулуп жаткан иш-чара тууралуу жана буга чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгы менен долбоордун аткаруучулары Бишкекте өткөн маалымат жыйынында тааныштырышты.

Ысык-Көлдөгү фермерлерди колдоого багытталган, "Карагат+" долбоорунун бир бөлүгү катары саналган фестивалдын максаты - аймактын мөмө-жемиштерин даңктоо. Аталган иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдү байланыштырууга өбөлгө болорун айткан "Авеп" коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов: "Көл кылаасын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоор "Кумтөрдүн" каржылык колдоосу менен төрт жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Анын алкагында аймакта питомниктер менен күнөсканалар ачылып, чет өлкөдөн мөмө-жемиштердин жаңы сорттору алынып келинди. Ошондой эле тамчылатып сугаруу системдерин куруу жана жайылтуу да ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Ал эми салтка айланган мөмө-жемиш фестивалы фермерлерге өз продукцияларын экспорттоого шарт түзүү менен бирге Ысык-Көлдүн тескейиндеги туризмди өнүктүрүүгө салымын кошууда", - деп белгиледи.

Быйылкы иш-чарага 3 миңге чукул конок келери күтүлүп жатканын билдирген Ак-Суу райондук администрациясынын башчысынын орун басары Элчибек Жантаев: "Районубузда 48 миң гектар айдоо аянты бар. Анын 25 миң гектарына кылкандуу дан эгиндери эгилсе, 12 миң гектарында картошка, калганына көп жылдык чөптөр өстүрүлүп келген. Бирок бүгүнкү рыноктук шартта жогоруда аталган продукцияларга болгон баалар дыйканга азыраак пайда алып келгендиктен, дыйкандарыбыз
мөмө-жемишке кызыгышууда. Анын үстүнө Бажы биримдигине киргенден бери дал ушул продукцияларга суроо-талап жогорулап жатат. Андыктан фестивалдын биздин райондо өтөрүнө абдан кубанычтабыз. Иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөр кайра иштетүүчүлөр менен кездешип, көптөгөн маалыматтарды алуусуна шарт түзөт",
- дейт.

Ал эми айыл чарбасын өнүктүрүүгө "Кумтөр Голд Компани" артыкчылык берерин баса белгилеген компаниянын Туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров: "Кумтөр Голд Компани" үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү негизги тармактардын бири, анткени аймактагы тургундардын басымдуу бөлүгү дал ушул тармакта эмгектенишери маалым. Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын кошуу максатында ишканабыз "Карагат+" өңдүү бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырып келатат", - деген кебин айтты.

Экономикалык жактан элге пайдасы көп болгондуктан, барган сайын долбоордун кадыры өсүүдө. Алсак, 2013-жылы башат алган программага катышып, окуудан өткөн фермерлер мурдагы жылы 50 тоннадан ашык мөмө-жемишин сатууга келишим түзүшкөн. Былтыр көлөм 100 тоннага жетсе, ушул күнгө дейре көрсөткүч 745 тоннаны түздү. Ал эми үч жыл убакыт аралыгындагы фестивалдардын учурунда 230 тонна продукция жеринен сатылган. Долбоор алкагында көл кылаасындагы социалдык объектилердин, лицейлердин жана фермердик чарбалардын базасында 18 күнөскана курулса, фермерлерге жалпысынан алма, өрүк жана карагаттын жаңы сортторунан 33 миң түп көчөтү таратылган. Буга улай облустагы 50дөн ашык айылга демонстрациялык аянтчалар курулду. Анда фермерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасы, мөмө-жемиштерин өстүрүү боюнча окутуулар өткөрүлүп келет.

Айтемир Аскеров


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Frunze74
2016-07-30 11:44:01
Бул Кумтордун рекламасы болуп калыптыр, Кумтор алтындан миллиарддаган пайда коруп, анан бир канча жуз мин болуп берип койсо Кумторду мактап жатып калышат.

Жогорудагы долбоор жаман эмес, ал долбоорду айыл чарба министри колго алса болчудай экен уктап жата бербей. Экинчиден куносканадабы, талаадабы, айтор дыйкандар ондургон агропродукцияларды эч болбосо КМШ олкодоруно (эн ириде Россия менен Казахстанга) экспорттоого министрлик жардам берсе дыйкандардын мээнетинин акыбети кайтмак...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан