Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошевдин баяндамасын сынга алды. "Сиздин докладыңыз саясий болуп калды, мындай докладды парламент жыйынында айтыңыз", - деди Жээнбеков.
Андан сырткары Кожошев Кыргыз Республикасынын эмес, Орусиянын статистикасына ишенгендиги үчүн сын укту. "Орусиянын Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда алар "сиздердин экономикалык статистикаңыздар туура эмес экен" деп айтышты, биздики туура эмес экен, анткени алардыкы менен биздики эки башка көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат", - деди Кожошев.
Андан соң өкмөт башчы: "Сиздин Орусиянын статистикасына ишенгениңиз туура эмес. Бул сөзүңүз менен Статистика комитетинин ишин жокко чыгарып жатасыз. Өзүбүздүкүнө ишенишиңиз керек, Орусияныкына эмес", - деп айтты.