Курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө администрациялык актыларды физикалык жана юридикалык тараптардын даттануусун сотко чейинки милдеттүү кароо тартибин киргизүү.

Бул максатта кабыл алынган мыйзам Токой кодексине, "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Озон катмарын коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Киргизилген оңдоолор токой фондун пайдалануу укугунун токтотулушуна, курчап турган чөйрөнү, озон катмарын коргоо, өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдеринин кабыл алынышына байланыштуу талаштар администрациялык ишмердик жана администрациялык процедуралар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанууга жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 29-июлда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан