Аба каттамы жөнүндө Кувейт мамлекети менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев 29-июлда "Кыргыз өкмөтү менен Кувейт өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – эки мамлекеттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу аркылуу Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосунда эки тараптуу саясий, экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү.

Макулдашууга кол коюунун негизинде президенттин 2013-жылдын 21-январындагы №11-жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, транспорт түйүнүн түзүү долбоорунун алкагында аба каттамдарынын географиясын кеңейтүү боюнча кызыкчылыктар жатат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан