Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын реконструкциялоо жана ден соолукту чыңдоочу дене тарбиялык комплексти куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Таанышуу учурунда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов курулуш иштерине 1000ден ашык адам тартылганы, ошондой эле ар кандай түрдөгү 80 техника иштеп жатканы тууралуу маалымат берди.
Турдубек Мамбетовдун айтканы боюнча, азыркы учурда ат майданынын административдик имаратынын бардык кабаттарында жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле трибуналарда отургучтар орнотулууда, металл жабдуулары коюлуп, чуркоочу жолдун негизи салынууда. Спорткомплекс эл аралык бардык стандарттарга шайкеш келет.
Алмазбек Атамбаев быйыл сентябрь айында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бийик деңгээлине жооп бергидей болуш үчүн ат майданындагы курулуш иштеринин жана анын аймагын көрктөндүрүүнүн сапаты ойдогудай болушуна өзгөчө көңүл бурду.
Андан ары мамлекет башчы жалпы аянты 2 миң чарчы метр келген үч кабаттуу ден соолукту чыңдоочу дене тарбия комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.