Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өкүлү Үсөн Усуповго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 29-июлда сөгүш берди. Усупов сөгүштү берилген буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн алганын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасы-Казакстан чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алына электигинен ЕАЭБ аймагына азык-түлүктөрдүн чыгышына тоскоолдуктар болуп жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн.