Чолпон Жакупова: "2020-жылдын 1-сентябрына чейин депутаттардын Конституцияга кол тийгизүүгө укугу жок"

Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгеси талкуу чордонунда. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорлору бардык юридикалык процедураларды бузуу менен талкууга чыгарылганын айтууда. Депутат "Фергана" агенттигине маек курган.

"Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүү киргизүүнү таптакыр демилгелей алышпайт. Иштеп жаткан Конституция боюнча бул демилге эки субъектке бекитилген - элдин өзүнө (300 миң кол топтоо) же эл өкүлдөрүнө. Экинчи жол менен кетүүнү туура көрүштү, бирок Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы референдумда кабыл алынган "өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президенти жөнүндө" декретинин 4-беренеси Конституциянын 6 бөлүгүнө (биринчи, экинчи жана тогузунчудан башкасы) 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу саларын унутуп коюшту. Бул убакытка чейин депутаттар Конституцияга кол тийгизе алышпайт. Декрет иштеп жатат, аны эч ким жокко чыгарган эмес.

Андан ары карай. Жогорку Кеңештин регламентинде жана учурдагы Конституцияда Негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору корутунду берүү үчүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жиберилиши керектиги айтылат. Палата терс корутунду чыгарса, долбоорду караганга болбойт. Кимдир бирөө бул корутундуну көрдүбү? Кайда ал?

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов түзөтүү киргизүү боюнча референдум сентябрь-октябрь айларында өтөрүн ишенимдүү түрдө айтып жатат. Бирок ошол эле Жогорку Кеңештин регламентинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору аралыгы 2 айдан болгон парламенттин 3 окуусунан кийин депутаттар тарабынан кабыл алынары так жазылган. Башкача айтканда, документти талкуулоого жарым жыл талап кылынат. Негизи, референдум жазга дайындалышы керек болчу. Алар бул нормалардын баарын кантип аттап өтүшкөнү жатканы мага түшүнүксүз", - дейт Жакупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан