Конституцияны өзгөртүүгө каршы топтун мүчөсү Нарын Айып: "Конституцияны өзгөртүүгө зарылдык жок"

2-августта "Конституция. Кайда баратабыз?" тегерек столунда Конституцияны өзгөртүүгө каршы топ түзүлгөн.

Топтун мүчөсү Нарын Айып Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Менин каршы болгонумдун себептери көп. Негизгилеринин бири - мораторий бар да. Мораторий боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүгө болбойт. Мораторийди өздөрү киргизишкен. Андай болсо ошол мораторийди алып салалы деген референдум өткөрүшү керек эле. 114 берененин 30дайына өзгөртүүлөрдү сунуштап жатышат. Эгер мен ал өзгөртүүлөрдүн 14үнө макул болуп, 16сына каршы болсом, кандай болот? Мындай мүмкүн эмес да.

1-беренеге "Улуу баалуулуктар" дегенди да кошуп жатышат. Анда үйдөгү келиндин жүгүнүп жүрүү беренесин да киргизсин, кайнатасына жүгүнбөй койсо дагы аны Конституция боюнча камашабы? Эң негизгиси, Конституциялык сот азыр өзүнүн укугун коргой турган жалгыз орган болуп калды. Конституциялык соттун 3 негизги укугу бар:
1. Кабыл алынып жаткан мыйзамдардын Конституцияга туура келер-келбесин аныкташы керек.
2. Чет мамлекеттер же уюмдар менен түзүлгөн келишимдерди Жогорку Кеңештеги ратификацияга чейин биздин Конституцияга туура келер-келбесин текшериши шарт.
3. Эгерде Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, аларды алдын ала текшериши зарыл.

Биринчиден, азыркы демилгечилер эч нерсени көрсөтпөй эле коомдук талкууга илип салып жатышпайбы. А палата качан текшерет? Коомдук талкууга чейин текшериши керек эле да. Коомдук талкууга коюлгуча парламентте 3 окуудан өтүп, ал окуулардын ортосу 2 айдан болуш керек.

Экинчиден, азыркы өзгөртүүлөрдө "Конституциялык палата кайсы бир чечимди чыгарар алдында өзүнүн чечиминин долбоорун президентке жөнөтүшү керек" деп жазылыптыр. Аны президент айтат экен, "мунуңар болот" же "мунуңар болбойт" деп.

Конституцияда премьер-министр кайсы убакта болбосун жылына бир жолудан ашык эмес өзүнө, өкмөткө ишеним көргөзүү добушун уюштура алат. Азыр аны алып салып жатышат. Бир нерсе жакпай калса, премьер качан болбосун добушка коюп коё алат экен. Ошондой эле премьерге мындай укук берип жатышат: эгерде парламент кайсы бир мыйзамды кабыл алса, ал премьерге жакпаса, президентке кат аркылуу кол койбоону суранып кайрыла алат экен. Анда Жогорку Кеңеште отурган 120 депутаттын баарынын кабыл алган мыйзамы өтпөй калат экен.

Эң негизгиси, өлгөн балдардын мүрзөсүнө туруп алып ант беришпеди беле... Ушуну жасабасак мамлекетибиз чачырап кетет деген зарылдык жок да.

БУУ - дүйнөдөгү эң абройлуу уюм. Ошол уюмдун жалгыз Азимжан Аскаров тууралуу талабын аткарбоо үчүн адам укуктары тууралуу жазылган 6-берене менен 41-беренени өзгөрткөнү жатышат. Эл аралык конвенцияга өлкөбүз кол койгон соң анын чечимин аткарышы керек да. Алардын бөлүп берген каражаттарын алабыз, анан талаптарын аткарбайбыз. Бул туура эмес. Анда уюмдан чыгып кетишибиз керек. Бул беренелерди өзгөрткөнүбүз менен, БУУдан чыгып кетпейбиз, бирок бетине түкүргөн болуп жатабыз. 194 өлкөнүн ичинен кыргыз эле акылдуу болуп кетиптирби?" - дейт Нарын Айып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан