Мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты - сот системинин ачыктыгына жетишүү жана ачык сот жыйындарында каралган иштер боюнча процесстерге аралашпаган жарандардын сот актыларын, материалдарын жана архивдерин алуусуна мүмкүнчүлүк берүү.

Көрсөтүлгөн мыйзамдын пакетинде "Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлду. Бул мыйзам төмөндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:

  • "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө";
  • "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө";
  • "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө";
  • "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө";
  • "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө".

Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан