Атамбаев КМШ өлкөлөрүндө кылмыштын бетин ачууда биргелешкен топ түзүүгө тийиштүү келишимди ратификациялоочу мыйзамга кол койду

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 16-октябрында Казакстандын Бурабай посёлогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн аймактарында биргелешкен ыкчам тергөө топторун түзүүнүн тартиби жана алардын иши жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алган.

Макулдашуунун максаты – тараптардын компетенттүү органдарынын өндүрүшүндөгү эки жана андан көп тараптардын аймактарында далилдерди талап кылган же процессуалдык чараларды жана ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүүнү талап кылган бири-бирине байланышкан кылмыш иштерин ачуу жана тергөө үчүн тараптардын аймактарында биргелешкен ыкчам тергөө топторун түзүүгө жана алардын ишине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу.

Биргелешкен ыкчам тергөө топторунун негизги милдеттери:

  • тараптардын компетенттүү органдарынын кылмыштарды ачуу жана кылмыш иштерин тергөө боюнча макулдашкан бир багыттагы ишмердиги;
  • биргелешип аракеттенүүнүн ыңгайлашкан тартибин уюштуруу;
  • ыкчам маалымат алмашуу үчүн шарттарды түзүү;
  • кылмыштарды ачуу жана кылмыш иштерин тергөө боюнча макулдашылган аракеттерди жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз ара маалымдоо;
  • пайда болгон версиялар боюнча аракеттерди пландоо жана аларды тараптардын аймактарында текшерүү;
  • изилдөөлөрдү жана экспертизаларды өткөрүүнү уюштуруу;
  • далил бумдарды сактоого жана берүүгө байланыштуу маселелерди чечүү;
  • суроо-талап жөнөткөн тараптардын мыйзамдарына ылайык процессуалдык аракеттерди жана ыкчам тергөө чараларын жүргүзүү тууралуу тапшырмаларды аткаруу;
  • тараптардын аймактарында процессуалдык аракеттерди жана ыкчам тергөө чараларын жүргүзүүнү координациялоо жана биргелешип аракеттенүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан