Конституцияны өзгөртүүгө каршы топтун мүчөсү, укук коргоочу Рита Карасартова Конституциянын "жогорку баалуулуктарына" тиешелүү берене буга чейин өзгөртүлбөгөнүн белгилеп, жыйынтык чыгарууга чакырды.
"Колумда Конституциядагы оңдоолор тууралуу долбоорду кармап турам, чачым тик турду. "Жогорку баалуулукка" тиешелүү берене Акаев менен да, Бакиев менен да өзгөртүлгөн эмес, себеби ал жакта фундаменталдуу нерселер бар. Түшүнүк үчүн: жогорку баалуулуктардын негизинде башка нормалар түзүлөт жана адамдын укук менен эркиндиги жогорку баалуулуктар деп таанылат. Бул беренеден эмнени түзөткүлөрү келип жатат? Демилгечилер жогорку баалуулуктарга Ата Мекенге болгон сүйүүнү, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, улуттук баалуулуктарды, жадакалса инсандын гармониялуу өсүшүнө шарт түзүүнү да кошушкан. Баса, борбордогу эскилиги жеткен турак жайларды алуу мыйзам долбоору да улуттук кызыкчылыктын негизинде болушу мүмкүн болчу. Эң кызыгы, демилгечилер бизди адам укуктарын өтө жогорулатып салганыбызды айтып, "Мамлекетти эмне кылабыз?" деген суроо берип жатышат. Мамлекеттин негизин конкреттүү адамдар түзөрүн түшүнбөй жатышабы?" - дейт укук коргоочу.
Ошону менен бирге ал башка өлкөлөрдө жогорку баалуулуктарга кайсылар кирерин санап өттү.
"Адамдардын укугу начар абалда деген башка өлкөлөрдүн жогорку баалуулуктарына токтоло кетели. Казакстанда жогорку баалуулуктарга адам, анын жашоосу, укугу жана эркиндиги кирет. Орусияда адам укуктары жана эркиндиги баалуулук деп таанылып, кепилденет. Өзбекстанда адам, анын жашоосу, эркиндиги жана намысы жогорку баалуулуктарга кирет. Тажикстанда - адам жана анын укугу, эркиндиги. Беларуста адам, анын укугу, эркиндиги жана алардын аткарылышы коомдун жана мамлекеттин жогорку баалуулугу болуп эсептелет. Азербайжанда адамдын укугун жана эркиндигин камсыздоо - жогорку баалуулук. Грузияда адамдын укугу, эркиндиги баалуу. Түркмөнстанда коомдун жана мамлекеттин жогорку баалуулугу - адам, Алжирде адамдын негизги укуктары жана эркиндиги кепилденет. Кытай Эл Республикасында да адам. Жыйынтык чыгаргыла", - дейт Рита Карасартова.
"Конституциянын контекстинен нормаларды "үзүп", өз кызыкчылыктарына колдонуп жатышса эмне кылабыз? Же биз 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө тууралуу коомдук келишимди унуткан маңкуртка айланууга татыктуубузбу?" - деген суроо салган укук коргоочу.