131 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” жарлыктарга кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчынын төрт жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 739 адамды кабыл алуу тууралуу. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхый мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Дагы бир жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 131 адам чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан