Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун башчысы менен туристтердин коопсуздугун талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-августта Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаевди кабыл алды. Облус жетекчиси президентке аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылуусу жөнүндө маалымат берди. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу иштери, Ысык-Көлдөгү туристтик сезон, курорттук аймактарды өнүктүрүү жаатында пикир алышуу болду.

Туристтик сезон маалында өлкө жарандарынын жана конокторунун коопсуз эс алуусун толук камсыздоого облус жетекчилиги бардык чараларды көрүшү керектигин айтты президент. Ал белгилегендей, Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын татыктуу тосуп алуу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан