Судьялар эми мүлкү, чыгаша жана кирешелери боюнча декларация тапшырат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Өзгөртүүгө ылайык, эми судьялар жана судьялык кызматка талапкерлер өздөрүнүн мүлктөрү, кирешелери жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырат. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мындай чара сот системинде коррупциянын алдын алуудагы эффективдүү инструменттердин бири болот жана коррупцияга каршы саясатты өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан