Рио-2016: Кыргыз дзюдочусу Отар Бестаев утулуп калды

Бразилияда Олимпиада оюндарына катышып жаткан Кыргыз мамлекетинин дзюдочусу Отар Бестаев утулуп калды. Бестаев бүгүн, 6-августта алгачкы беттешинде египеттик Абелрахман Ахмедди утуп, экинчи беттеш - жарым чейрек финалда азербайжандык Орхан Сафаровго уттуруп койду. Спортчу муну менен медаль утуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча медаль утуу үчүн кыргыз командасынын дагы мүмкүнчүлүгү бар. 100 килограммдык салмакта мекендешибиз Юрий Краковецкий алдынкы күндөрү килем үстүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
Sagizgan
2016-08-07 09:58:12
Эркин Адылбек уулу да утулуп калдыы.Калгандарына ийгилиик Эми Алгааа Айсулууу
+2
kadamjai90
2016-08-07 10:16:39
Jaman boldu. Kalgandaryga iygilik
0
kadamjai90
2016-08-07 10:17:48
Admin kaisy kundoru chygat bizdin sportchular.
0
sabyr86
2016-08-07 10:27:11
Айсулуудан үмүт чоң
+1
kuba502
2016-08-07 11:19:56
Эми даярдыгы ,дарамети ушунчалык окшойт да
0
Nasyrkg
2016-08-07 11:38:01
жаныл окоева да штангадан 101кг которо албай калды.блин.
-3
Ali-han
2016-08-07 12:23:35
Борьбадан эле умут кылып калдык окшойт. Казакстан уже 3-медаль алып коюшту
-1
Tyga
2016-08-07 13:13:38
Ali-han,Ошондой окшойт борьбадан эле умут болуп калды,3 эчнерсеге жарабай калды башталганда эле
-1
Ali-han
2016-08-07 12:35:27
Супер инфо олимпиада жонундо маалымат берип турсанар. Качан кайсыл убакта чыгат саат канчада ж.б
+1
Tyga
2016-08-07 13:18:28
Америка уже 1алтын 3кумуш алып койуптур башталганда эле,Кыргызстан алгааа)
-1
Sagizgan
2016-08-07 13:19:40
Жаныл Окоева да утулду.Ошондо уч спортчу кеттида э? Калганына ийгилик.Башкысы женуу эмес катышуу анын сынарындай жаман созунорду айтпай колдоп эле койсонор.Аларда аракет кылып эле жатышатго.Ошолорда мекени учун барыштыго Ошо жакка.Алга Кыргызстаным!
+1
barakcha
2016-08-07 13:26:26
Айсулуудан умут чон!
-1
mikoo
2016-08-07 13:26:37
Ийгилик!!!
-1
nursultan.91
2016-08-07 13:56:19
Аларга да кыйын,мекен учун, эли жери учун болгон кучун жумшады. Биз бул жакта олтуруп алып суйлой беребиз. Мындан ары ийгилик каалайлы,бир ооз ширин созубузду аябайлы женилседа.
+1
tuigan.
2016-08-07 15:07:01
Кимисине кудайым жениш буйруган болсо женет.буйрубаса женилет...
-1
Bolotmyrzaa
2016-08-07 17:27:51
Айсулуу менен Жанар Кенжеев медаль утат менимче,сезип жатам. Баардык спортчуларыбызга ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан