"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы бир катар мамлекеттер үчүн кызуу башталды. 207 мамлекеттин спортчуларынын катышуусундагы мелдештин алгачкы күнүндө (6-августта) 7 спорт түрүнөн 12 комплект медаль ойнотулду. 7-августка 14 комплект бөлүнгөн.
Оюндардын алгачкы алтын медалын америкалык кыл мерген Вирджиния Крешет утту. Ал 10 метр аралыктан куралдан ок атууда атаандаштарына салыштырмалуу таамай болуп чыкты.
Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын спортчуларын азырынча ийгилик коштобой келүүдө. Алгачкылардан болуп медаль ала албай, мелдеш менен коштошкондор дзюдочу Отар Бестаев менен мушкер Эркин Адылбек уулу болушту.
Медалдардын көрсөткүчү (7-августка карата жыйынтык):
1. Австралия - 3 медаль (2 алтын, 1 коло)
2. Венгрия - 2 медаль (2 алтын)
3. АКШ - 5 медаль (1 алтын, 4 күмүш)
4. Кытай - 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
5. Түштүк Корея - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
5. Орусия - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
6. Япония - 5 медаль (1 алтын, 4 коло)
6. Аргентина - 1 медаль (1 алтын)
6. Бельгия - 1 медаль (1 алтын)
6. Таиланд - 1 медаль (1 алтын)
6. Вьетнам - 1 медаль (1 алтын)
12. Италия - 2 медаль (1 күмүш, 1 коло)
12. Казакстан - 2 медаль (1 күмүш, 1 коло)
14. Бразилия - 1 медаль (1 күмүш)
14. Дания - 1 медаль (1 күмүш)
14. Индонезия - 1 медаль (1 күмүш)
17. Испания - 1 медаль (1 коло)
17. Канада - 1 медаль (1 коло)
17. Польша - 1 медаль (1 коло)
17. Греция - 1 медаль (1 коло)
17. Өзбекстан - 1 медаль (1 коло)