Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө, тактап айтканда, 7-августта жалпысынан 14 комплект медаль ойнотулду. Кыргыз спортчуларынан бул күнү Дарья Таланова гана күчүн сынады. Ал 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышта 33-орунду ээлеп, мелдештен четтеп калды (көрсөткүчү: 1 мүнөт 10,94 секунда).
Олжо алууну башка мамлекеттердин спортчулары ийгиликтүү ишке ашырып жатышат. Мисалы, Кытайдын спортчулары мелдештин экинчи күнүндө 2 медаль алып, Кытай медалдардын көрсөткүчү боюнча алдыга чыккан. Бирок алар лидерликти көпкө сактай алышкан жок. Американын спортчулары алтындарынын санын 3кө, жалпы медалдарынын санын 12ге жеткирип, алдынкы сапка чыкты. Жалпысынан 30 мамлекеттин спортчулары медаль ута алышты.
Медалдардын көрсөткүчү (8-августка карата жыйынтык):
1. АКШ - 12 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 4 коло)
2. Кытай - 8 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
2. Австралия - 6 медаль (3 алтын, 2 коло)
4. Италия - 7 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 2 коло)
5. Түштүк Корея - 5 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 1 коло)
6. Венгрия - 2 медаль (2 алтын)
7. Орусия - 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло)
8. Британия - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
8. Швеция - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
10. Япония - 7 медаль (1 алтын, 6 коло)
18. Казакстан - 2 медаль (1 күмүш, 1 коло)
20. Бразилия - 1 медаль (1 күмүш)
27. Өзбекстан - 2 медаль (2 коло)