"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы кызуу уланып, 30 мамлекеттин спортчулары медаль тагынганга жетишти. Бул мамлекеттердин катарында 8 жыл мурун Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косово Республикасы да бар. Дзюдо боюнча 52 килограмм салмакта татамиге чыккан Майлинда Келменди өлкөсүнө алгачкы медалды, болгондо да алтын медалды утуп берди.
"Мен Олимпиадага алтын медаль тагынуу үчүн келгем. Максатыма жеткеним үчүн кубанычтамын. Косово тарыхында биринчи жолу Олимпиадага катышып жатат жана алгачкы аракетте алтын алганыбыз кубандырат. Косовонун жашоочулары, балдар мени баатыр көрүп, колдоп жатышат. Кыйынчылыктарга карабай көп ийгиликке жетүү мүмкүн. Каалоо күчтүү болсо, кичинекей, жарды өлкөдө жашаганың жолтоо болбойт", - дейт спортчу.