Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Судьялык өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КРнын мыйзамдары) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун алдындагы Окутуу борбору Сот адилеттигинин Жогорку мектеби болуп кайра түзүлөт. Ал жергиликтүү соттордун судьялык кызматына талапкерлерди окутат, иштеп жатышкан судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин адистигин жогорулатат.
Мыйзамда Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучуларына эмгек акы төлөөнүн жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебиндеги окутуу процессин көзөмөлдөөнүн тартиптери аныкталган, Судьялар кеңешинин бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктары бекитилген.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 8-августта билдирди.