"Кыргыз Республикасынын күч органдары мени камоого себеп таппай жаткан убагы", - деп билдирди SUPER.KG порталына Конституцияны өзгөртүүгө каршы түзүлгөн топтун мүчөсү Мавлян Аскарбеков. Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери телефон аркылуу суракка чакырганын айтып, расмий чакыруу алмайынча барбасын билдирди активист.
"Социалдык тармактагы жеке баракчам аркылуу Түркиядагы тополоң, Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүү аракеттери тууралуу өз оюмду жазгам. Ушул пикирлерим мени суракка чакырууга себеп болуптур. Бирөөнү жамандап аброюна шек келтирбесем, мыйзамды бузбасам, эмне үчүн суракка чакырышат? Жакында ИИМдин Ош шаарындагы 10-бөлүмүнүн башчысы бир жаранды уурдап кеткени маалым болду, Ысык-Көлдө УКМК кызматкери бир жаранды бычактап салды, үй-бүлөсү менен унаада бара жаткан журналистти бет капчан УКМК кызматкерлери унаалары менен кууп барып мыйзамсыз кармап кетишти, прокуратура кызматкеринин кымбат баалуу машинасын жардырып кетишти. Бул акыркы 1 айдагы фактылар. Мына биздин мыйзамды, тартипти көзөмөлдөй тургандардын кейпи. Түркүн ушак, интрига, аудио, видеолорду монтаждап, мени каралап, камоого себеп таппай жаткан убагы", - дейт Аскарбеков.
Белгилей кетсек, активист Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндөн бери каршы пикир айтып келе жатат. Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта журналисттер менен жолугушууда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы пикир айткан айрым активисттердин ММКларга жарыяланган макаласын катуу сындаган.