Бишкекте саналуу сааттардан кийин күн батат. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасын кабыл алып жаткан Бразилияда болсо күн саналуу сааттар мурун чыгып, эми гана аркан бою көтөрүлдү. 9 саат айырмага карабай "Кыргыз спортчулары качан ийгилик жаратышат..." деген үмүттө жердештери Олимпиадага назар салып жатышат. Олимпиада оюндары бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн имерип, кубанычтарды, талкууларды, жеңилүү ызаларын жаратууда. Катталган айрым көрүнүштөр тууралуу маалымдамакчыбыз.
ЖАРДЫ ЖАШАГАНДАРДЫН КӨЧӨСҮНДӨ КАЧАН МАЙРАМ БОЛОТ?
Бул 5-август күнү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын ачылышында тартылган сүрөт. 207 мамлекеттин өкүлдөрү параддан өтүп баратканда стадиондо самба бийи бийленип, Бразилиянын тарыхы чагылдырылып жатканда тартылган. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах "Биз кризис жана түшүнбөстүктөр доорунда жашап жатабыз. Бирок биздин спортчулар тынчтыкта, тилектештикте күн кечиришүүдө. Олимпиада дүйнөсүндө адамдык баалуулуктар сакталып, баары бирдей укукка ээ" деп укук темасынан сөз кылып жатканда сүрөтчүлөр ушул кадрды алышкан. Бул сүрөттөгү жеткинчектер Бразилиянын вице-президенти Мишел Темер оюндарды ачык деп жарыялаганын угушканы шек жаратат. Аларга ошол маалда атылган салюттар кызык болсо керек...
Бул сүрөткө көптөгөн тилдерде бирдей маанидеги комментарий берилүүдө. Кыргызча которсок, "теңсиздик баары бир байкалат" деген маанини билдирет.
ЖЕТИНЧИ ИРЕТ ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕЛГЕН 41 ЖАШТАГЫ ӨЗБЕК СПОРТЧУСУ
Оксана Чусовитина жаш курагы жана 7-ирет Олимпиадага катышуу алдында турганы менен көптөрдү таң калтырса керек. Албетте, жаш курагы спорттогу орто жаштан алда качан өтсө да, спортчу Олимпиаданын алтын медалын көздөп жүрөт. "7 жолу катышып, медаль уткан эмеспи?" деген суроо жаралдыбы? Оксана 1992-жылы Олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынган, бирок анда команда менен чогуу утуп, жеңишти жеке өзүнө энчилей алган эмес. 2008-жылы болсо Германиянын атынан чыгып, күмүш медаль тагынган. 2013-жылы гана Өзбекстанга кайрадан көчүп келип, өлкө намысын коргой баштаган. Учурда ал "Өз мекеним!" деп эсептеген Өзбекстанга алтын медаль алып берүү максатын көздөөрүн жашырбайт.
Бул көрсөткүч кыз-келиндер арасында рекорд болуп эсептелинет. Бул жашка чейин спорт менен машыгуу жана Олимпиада оюндарын калтырбай катышуу өтө кыйын. Машыгуу, мелдеш деп жүрүп жашы өткөнүн спортчу сыйлоо аземинде өзүнөн кем дегенде 20 жаш кичүү кыздар менен турганда сөзсүз байкаса керек...
АЗИЯ АЗЫРЫНЧА ЭҢ КҮЧТҮҮ КОНТИНЕНТ БОЛУП ТУРАТ...
Биз учурда Азия чөлкөмүндө спорттун дүркүрөп өнүгүп жаткан доорунда жашап жатабыз. Спорт тармагына каражат жумшоо, спорт түрлөрүн жайылтуу менен спортчулардын машыгуу системин улам жаңылоо Азияда күч алууда. Кытай, Иран, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Иран сыяктуу мамлекеттерден калышпай, коңшулаш Өзбекстан менен Казакстан да медалдарды алып жатат. Медалдардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр боюнча учурда Азия алдыда.
Казакстандык спорт ишмеринин "быйыл эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата казак спортчулары 25 медаль алышса..." деген тилеги орундалабы, жокпу, азырынча белгисиз. Бирок бул "баурдастарыбыздын" амбициясынан кабар берет. Спортко азыраак каражат сарптап, "куулук кылып" медаль утуп алуу аракетиндеги Кыргыз мамлекетинин спорт ишмерлери мынчалык ооз чойбойт. Себеби медаль эмес, жолдомонун санын 25ке жеткире албай турганда, андай сөз болушу мүмкүн эмес.
Медалдардын көрсөткүчү (8-августка карата жыйынтык):
1. АКШ - 12 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 4 коло)
2. Кытай - 8 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло)
2. Австралия - 6 медаль (3 алтын, 3 коло)
4. Италия - 7 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 2 коло)
5. Түштүк Корея - 5 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 1 коло)
6. Венгрия - 2 медаль (2 алтын)
7. Орусия - 5 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 2 коло)
8. Британия - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
8. Швеция - 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш)
10. Япония - 7 медаль (1 алтын, 6 коло)
13. Косово Республикасы - 1 медаль (1 алтын)
18. Казакстан - 2 медаль (1 күмүш, 1 коло)
20. Бразилия - 1 медаль (1 күмүш)
27. Өзбекстан - 2 медаль (2 коло)