КҮНСЕРЕП: Чубак ажынын чуусу уланууда

Бүгүн, 9-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов кайра суракка чакыртылды. Буга чейин ал жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттарын коомдо өгөйлөөгө үндөгөнү үчүн УКМКдан эскертүү алган. Эми аны менен Оштун Тергөө башкармалыгы сүйлөшкүсү келип жатат. Анын адвокаты: “Бийлик тараптан Чубак ажы Жалиловго карата ачыктан-ачык саясий куугунтук башталды. Анын ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугу тебеленип жатат”, - деп нааразы болууда. Жактоочунун айтымында, милицияга түшкөн арызда “диний ишмердин "Ахмадия" жамааты боюнча айткан терс пикири Юнусжан Абдужалилов аттуу адамдын өлүмүнө себеп болгон” деп Жалилов күнөөлөнүүдө. Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын 22-декабрында "ахмадичи" Юнусжан Абдужалиловду үйүнүн жанынан белгисиз адамдар аткылап качып кетишкен. Октон улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүүлөр бир күн өткөн соң Жалал-Абадда кармалышкан.

Кыргыз жеринде "Ахмадия" жамааты тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбейт. Теологдордун көбү бул жамаатты тынчтыкты сүйүүчү уюм деп баалайт. Ал эми өлкөбүздүн муфтияты бул жамаатты туура эмес агым деп эсептейт жана анын негиздерин колдобойт. Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов да "Ахмадиянын" мүчөлөрүн “каапырлар”, “мусулмандар эмес” деп жалпыга маалымдоо каражаттарында айтып келген.

Өткөн айда Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев “УКМК кээ бир ажыларга эскертүү берген, керек болсо андан да катуу чараларды көрөбүз” деп айткан эле. Балким, Жалиловго карата катуу чара көрүү башталган чыгар...

Айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуштардын жерлери деп трансформациялоо тууралуу демилге коомдук талкууга коюлду. Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, 2009-жылдын 31-июлуна чейин сугат-айдоо жерлеринде курулган турак жайлар мыйзамдуу деп таанылып, үй ээлерине Кызыл китептер бериле баштамакчы. Аталган долбоордун негиздеме маалыматына таянсак, 1983-2009-жылдардын аралыгында 32 райондун 217 айыл аймагында 33 478 гектар аянтка, анын ичинде 11 784 гектар айдоо жерлерине өз билемдик менен турак үйлөр салынган. Жер тилкелеринин ошол аянттарына 38 193 бирдиктеги турак үйлөр курулуп, ал жерде 41 739 үй-бүлө жашайт.

“Көрсөтүлгөн жер тилкелери ар кандай себептер боюнча айыл чарба багытындагы жерлердин курамынан чыгарылган эмес жана калктуу конуштардын жерлерине трансформацияланган эмес. Жерлердин калган бөлүктөрү 2005-жылдагы республикадагы белгилүү саясий окуялардын жүрүшүндө жана андан кийин өз алдынча басып алган жерлер болуп саналат. Ошондой эле аларды трансформация кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимдери чыгарылбаган жерлер да бар. Мындай жер тилкелеринде жер кыртышы бузулуп, аларды максатка жараша пайдалануу мүмкүн болбой калган”, - деп жазылат маалыматта.

Эгер бул демилге ишке ашса, келечектеги муун үчүн терс үлгү болуп калышы ыктымал. Анткени сугат-айдоо жерлерин өз билемдик менен басып алып, турак жайларды куруп алган адамдарга тиешелүү мораторий жокко чыгарылат деген үмүт бериши мүмкүн. Ошондуктан сентябрда парламентте бул маселе кызуу талкууну жаратышы күтүлүүдө...

Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы бир дарак кулап, эки унааны басып калды. Мэриянын маалымат кызматы SUPER.KG'ге дарак сууну көп ичкенден улам кулаганын билдирди. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Быйылкы жылдын ичинде эле борбор калаада 10дон ашуун дарак кулады. Адамдын өмүрүн алган окуялар да орун алды. 2016-жылдын 27-мартында Бишкектин №2-мектебинин жанында дарак кулап, жүрүп бараткан автоунааны басып калгандан кийин мэрия шаардагы дарактардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт деп убада берген. Бирок андан кийин да бир топ бактар кулаган. Шаар башкармалыгы текшерүүлөрдү кайдыгерлик менен жүргүзүп жаткандай көрүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан