Рио-2016: Мелдешке катышып бүткөн 6 кыргыз спортчусу мекенин көздөй аттанды

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан 6 кыргыз спортчусу мекенин көздөй аттанды. Бул тууралуу олимпиадалык делегациянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мушкер Эркин Адылбек уулу, дзюдочу Отар Бестаев, оор атлетчилер Иззат Артыков, Жаңыл Океева жана сууда сүзүү мелдештерине катышкан Дарья Таланова менен Денис Петрашов океандын ары жагынан жолго чыгышты. Делегация Кыргыз жерине 12-августта келип түшөт.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарына жалпысынан 19 спортчубуз катышууда. Калган спортчулардын кайсы күнү мелдештерге катышарын бул жерден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bema50000
2016-08-11 09:56:40
Медаль уткан Изат азаматсын, утпай калган оюнчулар капаланбагыла, бул жылы утпасанар, 2020 жылы ийгилик силер тарапка жылмаят буюрса.
+25
tulpar90
2016-08-11 10:28:50
Ак жол жакшы келип алгыла.
+8
jigit.paren
2016-08-11 10:46:46
Ооба аман эсен келип алгыла утпай калган спортчулар чын эле капаланбагыла Иззат Артыковтун арты менен аэропорттон кучак жайып кыргыз эли тосуп алат.
+9
lexus47
2016-08-11 19:43:04
jigit.paren,Иззат Артыковсуз эле, эл жылуу маанайда тосуп алууга тийиш! Утулуп калды деп эле карабай коюш керекби?
+1
Nur1k
2016-08-12 00:52:36
Бизде дале спортго конул бурулбайт. Биздикилер озулору менен озулору бири бирин утуп кучтуу элестете беришет. Риодогу оюн дуйно жузу катыша турган оюн болуп жатат. Бироо кокус баарын утуп алса татыктуу дей беребиз. Бул спортчулар бери дегенде 10 жыл даярданып физически кучтуу болуш керек
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан