Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Марс Наспеков "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмесинен чыгарылды. Тиешелүү чечим бүгүн, 11-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Өмүралиевдин айтымында, Марс Наспеков партиянын тизмесинен өз каалоосу менен чыгуу боюнча арыз жазган.
Айта кетсек, Марс Наспеков 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча катышкан. Партиянын тизмесинде ал 94-орунда жайгашкан эле.