Өмүрбек Текебаев: "Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр кирсе, премьер-министр диктатор болот"
Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн редакциясында өкмөт башчыга диктатура орнотуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын айтып сындады.
"Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр кирсе, премьер-министр диктатор болот. Анда, мисалы, мен өкмөт башчы болуп калсам, депутаттар ажатканага жардамчыларымдан уруксат сурап барып калышат. Президент гана эмес, өкмөт башчы да диктатура орното алат", - деди депутат Өмүрбек Текебаев.
Ал мындай пикирин бүгүн, 11-августта Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу өз оюн айтып жатып билдирди.