Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөргө каршы болгондордун катарын өлкөнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев толуктады. Анын айтымында, өзгөртүүлөр адам укуктары тармагы жана мамлекеттик башкаруу системи боюнча суроолорду туудурууда.
"Элдин авторитардык бийлик менен көп жылдык күрөшүүсүнүн жыйынтыгында 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө тыюу салуу жөнүндө коомдук келишимге жеткенбиз. Бул келишим үчүн мекендештерибиздин каны төгүлгөн. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин кабыл алынган Конституция оор шарттарга карабай туруштук бере алды, анткени Баш мыйзам учурда элдин үмүтүн актап жатат", - дейт акыйкатчы.
"Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр "мыйзам долбоордун негиздеме-маалым катын акаевдик же бакиевдик режимдин адамды жек көрүү менен мүнөздөлгөн жактоочуларынын бири жазган" деген ойду жаратат. Мисалы, авторлор долбоордун негиздеме-маалым катында Апрелден кийинки демократиялык Кыргыз Республикасынын негизги жетишкендигин - адамдын укуктарын жана эркиндигин сынга алып жатышат. Бул жетишкендигибиз менен биз көп жыл бою сыймыктанып келебиз", - деп айтат К.Оторбаев.